Тогуз-Торо району - Жалал-Абад облусуна караштуу администрациялык аймактык бирдик. Өлкөбүздүн түштүк-батышынан орун алып, 3962,8км кв аянтты ээлейт. Өрөөн Ички теңир тоонун батышында жайгашкан. Түндүгүнөн Молдо тоо, Кабак, Көк-Ирим, батышынан Фергана, түштүк чыгышынан Ак-Шыйрак кырка тоолору менен курчалган. "Тогуз-Торо" аталышынын келип чыгышы тууралуу эл арасында бир нече уламыштар айтылып келет. Белгилүү акын Калык Акиевдин айтуусунда, калмак чапкынчылыгынын доорунда түндүк кыргыз ууруларынын көпчүлүгү Фергана аймагында журт которууга аргасыз болуп, Тогуз-Торо калмактарынын тогуз төрөсүнүн ээлигине айланат. Кийинчерээк "тогуз төрө" Тогу-Торо болуп айтылып калган.
Район 1935-жылы уюшулган. 1962-жылы Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондоу биригип, 1966-жылы кайра өз-өзүнчө бөлүнгөн. Аймак бийик тоолу келип, деңиз денгээлинен 1200-2000м бийиктикте жайгашкан. Борбору - Казарман айылы. Район республиканын борбору Бишкек шаарынан 560км, облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 150км аралыкта жайгашкан. Анын аймагы аркылуу Казарман-Бишкек, Казарман-Жалал-Абад жана учурда курулуп жаткан, сметалык наркы 850млн. долларлык Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы альтернативалуу автомобиль жолу өтөт. Калкы 24310 миң адам. Райондо 5 айылдык аймакка бөлүнүп, 13 айыл-кыштактан турат.