Өлкөдөн качып кеткен эки президент биригип Кыргызстанда куралдуу төңкөрүш жасаганы жатабы? Интернетте тараган кезектеги аудио тасмада, “Элдик парламент” бирикмесинин мүчөлөрү бийликти күч менен алмаштырууну пландап жатканын жана алардын артында Акаев менен Бакиевдер турганы анык болуп калды. Өлкөдө куралдуу төңкөрүш жасоого даярданып жаткан үч адамга кылмыш иши козголуп, кечээ куну коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Коомчулукка ачыкталган аудио жазууда, Акаевдин жакын адамы болгон Бекболот Талгарбеков, Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Марат Султанов жана көпчүлүккө белгилүү эмес Төрөбай Кулубаев делген адамдардын сүйлөшүүсүн угууга болот. Алар ар бир кадамын Россиялык телефон номуру аркылуу бир кыргыз улутундагы адамга байланышып, отчет берип турушкан.