Тиешелүү буйрукка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Турганбаевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кашкар Жунушалиев дайындалды. Аны бул кызматка бекитүү үчүн президент, премьер-министрге Жунушалиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштоону тапшырды. Мелис Турганбаев кызматка 2014-жылы күзүндө келген.