Урматтуу абитуриент! Сен таланттуусуң, жан дүйнө байлыгын көбөйтүп, улуу дүйнөгө сүңгүп кирүүнү кыялданасың. Улуу дүйнөдө из калтыргың келет. Кел, сенин кыялыңа жол издейбиз, талантыңды курчутабыз, шыгыңа шык, талантыңа эргүу тартуулоо үчүн эмгектенебиз. Улуулардын изи, таланттуулардын деми, чыгаандардын эмгеги калган жерде оку. Талантка терең билим кош, шыктан, өз замандаштарың менен жан дүйнө деңизинде кулач ур.