Учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан "Апамды издеп" тасмасында башкы каармандын ролун ойногон актер Азамат Уланов "Азаттыкка" маек куруп берди. Тасмага тартылуу сунушу Азаматка алгач Казакстандан түшкөн. Сунуштан баш тарткан жаш актер андан көп өтпөй мекенинде белгилүү боло алды.
Originally published at - http://www.azattyk.org/a/28301612.html