Жалал-Абаддын Кызыл-Байрак айылынын 43 жаштагы тургуну Алманбет Саттаров тогуз жылдан бери дарексиз. Аны издеп , Орусияга кеткен жубайы менен бир тууган агасы да бир нече жылдан бери майнап чыгара албай, ошол жакта жүрүшөт. Үйүндө болсо, Алманбетти оорукчан апасы менен уулу саргара күтүп, жол карап отурушат.