“Баткен облусу Кыргызстандагы эң көйгөйлүү облус. Баткен облусуна чектешкен Тажикстандын Ленин-Абад облусунда 4,5 млн калк жашайт, ал эми Баткен облусунда 450 миң калк бар, тагыраак айтканда айрымасы 10 эсе. Советтер союзу учурунда Баткен жана Лейлек райондорунун жеринин үчтөн бирин Тажикстан менен Өзбекстанга берип коюшкан. Ал эми Баткен району менен чектешкен Тажикстанга кыргыз жеринин жарымын берип салышкан”, - деп билдирди бүгүн, 12-июлда Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев Бишкекте өткөн “Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү” аттуу тегерек столдо.
Булат Сатаркулов
Булак:
Kyrgyztoday.kg