Автору Сүйүнбай Эралиев.
"Жүз жылдар мындан кийин да"
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай
Ушинтип жерге жаз келип
Ушинтип чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат ушинтип
Биз жокпуз аттиң бир гана...