Кимге кандай сыноо жазып, Тагдыр жазды кимиңе. Өз өмүрү барып турат, Күндө бычак мизине. Бул не эрдик, башкалар деп, Жанын сайып, унуткан. Ар бир врач өлбөс Баатыр, Антка бекем Улукман. Бул кесиптин жолун бөгөп, Бек турдуңар кирерде. Алкыш аппак халатчандар, Эл ыраазы силерге.