Чыргайга чыксаң керемет
Көк шибер сонун термелет.
Эчки улактай секирип
Ойногон күнүм ким берет?
Ой- Долонодо ойсоңдоп
Ойногон кезим эскерем.
Жер капчалда жыргалаң
Жаштык кезимди эскерем
Эскерсем мага ким берет?
Будалык мага дем берет...
Тескейим менин кумарым
Алтындан кымбат турпагың.
Башталган баары Тескейден
Ташы да, тоосу тумарым.
28 апрель Мээргул Каримова....