Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кайрадан социалдык тармактарда талкуу чордонунда калды. Буга жакында эле интернетке тарап кеткен видео себеп болду. Ал видеодо улакчынын формасын кийип турган спикер жанындагыларга:
«Туяк – атты сактайт, ат – эрди сактайт! Мисалы мен айылда өскөм жана кичинемден бери ат минип чоңойгом» деп айтып жатканын угууга болот. Бирок, аз өтпөй спикер атка минерде үзөңгүгө бутун салбастан жардамчысы бутунан көтөрүп, кайра ээрден шыпырылып калганын көрүүгө болот.