#Эркин_Маалымат #Исхак_Пирматов
1 жыл мурда депутат Исхак Пирматов чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу бар экенин жазган. "Тилекке каршы, Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо - өтө туура эмес жана жада калса, кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси - Баткен областы аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап , демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга тез арада эрки жетет деп ниеттенели"-деп жазган депутат.