Коюу, жалтыраган чач айымдардын гана эмес, мырзалардын да көркүнө көрк кошот. Андыктан чач түшүп баштаганда бул жыныстын эки өкүлү тең капаланып, өзүнө болгон ишенимдүүлүктү жоготушат. Бирок көпчүлүк чач түшүү эмнеден улам экенин, себебин аныктап билүү үчүн дарыгерлерге кайрылышпайт. Дарыгерлерге кайрылышпай бекер кылышат, анткени тажрыйбалуу адис гана ар бир кайрылган кардардын өзгөчөлүгүнө жараша чач түшүүгө каршы элдик каражаттарды, косметикалык жана дары-дармектер каражаттарын жазып берет.
Чач түшүүгө каршы элдик каражаттар:
Көп убакта чачты калыбына келтирүү үчүн элдик каражаттар жардамга келет. Төмөндө чач түшүүгө каршы эң көп колдонулган, натыйжасы жакшы элдик ыкмаларды сунуштайбыз. Бул ыкмаларда үйдөгү эле колдонулган, же жакын жердеги аптека, дүкөндөрдөн сатып алууга мүмкүн болгон азыктар колдонулат.
Кастор майы
Кичине көлөмдө кастор майын идишке куюп, сууга салып жылытып аласыз. Анан ошол майды алып чачтын түптөрүнө сүйкөп, башыңызды сүлгү менен жылуу кылып ороп, 3-5 саатка, эгер убактыңыз кенен болсо түнү бою кармаңыз. Анан гана чачты бир эмес, бир нече жолу табигый шампундар менен чайкоо керек. Бул ыкманы бир жумада бир жолу, 1-2 ай тынбай жасаса, чачтын түшкөнү токтоп, чач тез жана коюу болуп өсөт.
Төө жалбырак
Төө жалбырактын тамырын суу куюлган идишке салып, нан бышыргычта тамыр жумшаргыча кармайсыз. Андан чыккан кайнатылган маңызды суутуп, чыпкалап аласыз. Ал маңыз менен чачтын түптөрүн сүртөсүз. Эгер бул ыкманы тез-тезден кайталап турса, чач түшүү менен бирге чачтагы какачтан да арылууга болот. Чачыңыз тез өсүп, жалтыраган, калың, сулуу чачка ээ болосуз.
Чалкан
Чач түшүүгө каршы чалкан да жакшы жардам берет. Чалкандын гүлдөй элек маалындагы жалбырактарын колдонуу керек. Жалбырактарын кайнатып, ар бир чачты жуунгандан кийин ал кайнатылган суу менен чайкап туруу керек. Бул кайнатмага сары гүлдүү өгөй эне өсүмдүгүн 1:1 кошуп кайнатса да болот. Чалкан чачтын кайраттуу, жалтырак, бекем болуп өсүүсүнө жардам берет жана түшүрбөйт.
Туз
Бир жумада бир жолу чачты эч кандай косметикалык каражатсыз жылуу суу менен чайкап, андан кийин баштын терисине 10-15 мүнөт тузду сүйкөө керек. Анан жылуу суу менен кайра чайкап коюу зарыл. Мындай ыкманы эң аз дегенде 6 жолу кайталаса, чачтын түшүүсү токтойт. өзгөчө бул ыкма кургак чачтарга абдан жакшы таасирин берет.
Пияз
Чачты дарылап жатканда баш пияздын маңызын бал менен аралаштырат - бир аш кашык маңызга бир аш кашык балды кошот. Эгер чач кургак болсо, бул аралашмага бир кашык өсүмдүк майын кошуп койсо болот. Аралашманы чачтын түбүнө сүйкөп, 30 мүнөт калтырып коет. Анан жылуу суу менен жакшылап чайкап, шампундап жууйсуз.