Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, былтыркы президенттик шайлоону эң чоң адашуусу катары мүнөздөдү. Ал бир топ региондордон ага адамдар келип, президент тууралуу нааразылыгын айтып жатканын билдирди.
“Алардын эң негизги нааразычылыгы, “сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым ушул окшойт - президенттик шайлоо. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм",-деди Атамбаев.
Экс-президент мындай оюн журналисттин "Сиз кайсыл кылган ишиңизге эң көп өкүнөсүз?" деген суроосуна жооп катары айтты.