Бишкек шаарында ээси каза болуп, бирок мураскери жок үйлөрдү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча 20 иш соттук кароодо. Алардын бири боюнча калаа тургундары НТС телеканалына кайрылып, коомчулуктун көңүлүн бурдурууну суранышты. Анткени жалгыз бой кемпир каза болгондон кийин, буга чейин аты-жыты чыкпаган адам келип, анын мүлкүнө ээлик кылууга аракет жасоодо, - дейт шаар тургундары. Талаш маселе 6-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирага байланыштуу чыккан. Анда жалгыз жашаган кемпир каза болгондон кийин кошуналары жерге беришкен. Ал эми батирин жетим-жесирлерге өткөрүп берүүнү ниет кылышкан. Бирок учурда бир бөлмөлүү батирде мураскербиз дегендер жашап жатат.