Жума намазынын убактысы боюнча сунушталган мыйзам долбоору себептүү келип чыккан карама-каршылыктарга КР президенти Алмазбек Атамбаевдин өзү да аралашты. Ал 10-июнда депутат Жанар Акаевди, блогер Алия Суранованы, муфтий Максатбек ажы Токтомушевди, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. Бирок, бул кабылдамада Чубак ажы катышкан жок. Эгер бул иш-чарадан калыс жана адилеттүү чечим чыгаруу көздөлгөн болсо, анда Чубак ажы да кабылданышы керек болчу. Анткени, Пайгамбарыбыз с.а.в. хадисинде: «Эки даабалашуучу алдыңда отурганда, биринчисин укканыңдай эле экинчисин да укпастан туруп өкүм чыгарба», — деген.
160613122553_atambaev_640x360_none_nocredit
Жанар Акаевди тааныштырууга кажет жок, ансыз деле ал ушул окуя себептүү калкка “катуу таанылды”.
Алия Сурановага токтоло кетсек, ал айым Чубак ажы тууралуу “чууну” баштап бергендердин бири. Бул жаатта “Азаттыкка” макала жарыялаган жана анда Чубак ажыга о.э. Ислам динибизге жалган жалааларды жапкан. Мисалы ал:
http://www.azatkg.info/