Бир айылда көзү начар көргөн апа, жанын берген жалгыз уулун үйлөндүрүптүр.
Баласы вахтовый жумушта иштейт экен, күндөрдүн бир күнүндө уулу 15 күндүк вахта жумушуна кетет. Апасы менен келини үйдө калат.
Апасы күн сайын келинине чачын тарап, өрүп берүүнү өтүнөт. Бир күнү чач тарап, өргөндөн жадаган келини кайненесин чачтарачка алып барып, чачтарач менен акырын сүйлөшүп кайненесинин чачын такыр эле алып таштайт. Энеси келининен сурайт дейт:
- Келинжан ай, бул эмне деген прическа?
Анда келини:
"Армияга чакырылган солдат деген причёска, азыр мода"-деп кутулат имиш.
Күйөөсү ишинен кайтып келип. Апасын көрүп:
- Апа, бул эмне кылганыңыз? - десе,
апасы:
- "Армияга чакырылган солдат" прическасы, кел