Предыдущая публикация
Сүннөткө багыт

Сүннөткө багыт

27 апр 2021

(وَقَالَ ٱلرَّسُولُ یَـٰرَبِّ إِنَّ قَوۡمِی ٱتَّخَذُوا۟ هَـٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ مَهۡجُورࣰا) [سورة الفرقان: 30]

"Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «О, Раббим! Менин коомум бул Куранды жерип койду»" (Фуркан сүрөсү: 30).
Хаафиз ибн Касийр (Аллах ага ырайым кылсын) бул аятты чечмелеп мындай дейт:
"Аллах Таала пайгамбары жана элчиси Мухаммад (ага Кыямат күнүнө чейин дайыма Аллахтын саламы жана салаваттары болсун) жөнүндө кабарлап, анын: «О, Раббим! Менин коомум бул Куранды жерип койду» - дегенин айтып жатат.
Анткени, Аллах Таала башка аятта: "Каапыр болгондор (бири-бирине): «Бул Куранды укпагыла жана ал окулганда маанисиз сөздөрдү сүйлөп киргиле. Балким, ушунуңар менен ага үстөм келерсиңер», - дешти" (Фуссилат сүрөсү: 26) - деп айтып өткөндөй, мушриктер Куранга кулак салып, аны угушчу эмес. Эгерде аларга Куран окулса, алар аны укпаш үчүн күбүр-шыбырды, башка нерселер жөнүндөгү сөздөрдү көбөйтүшчү. Бул болсо аны жеригендиктен.
1) Жана Курандын илими менен аны жаттоону таштоо дагы - аны жеригендиктен.
2) Ага ыйман келтирүү менен аны тастыктоону таштоо да - аны жеригендиктен.
3) Ага ой жүгүртүп, аны түшүнүүнү таштоо да - аны жеригендиктен.
4) Ага амал кылып, анын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууну таштоо да - аны жеригендиктен.
5) Ошондой эле, аны коюп андан башка ыр, же кара сөз, же обон, же оюн-зоок, же ой-пикир, же башкасынан алынган жолго өтүү да - аны жеригенге кирет.
Ошондуктан, Берешен жана каалаган нерсесине Кудуреттүү Аллахтан, бизди Анын ачуусун келтирчү иштерден куткарып, баарыбызды Өзү ыраазы болгон иштерге - Китебин жаттоого, аны түшүнүүгө жана күнү-түнү анын талаптарын Өзү сүйүп, ыраазы болгондой кылып аткарууга жумшоосун сурайбыз. Албетте, Ал - Жоомарт жана Берешен".
(Улуу Курандын тафсири: 3/394)

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Сүннөткө багыт

Сүннөткө багыт

ЛентаТемы 65Фото 18Видео 27Участники 118
  • Подарки
Левая колонка
Всё 65

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться