Бөйрөк оорууларынын алдын алуу.
Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) ооруулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук ооруулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат.
Өнөкөт ооруулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт ооруудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.Өз учурунда диспансердик учётко алынып, дарыланып жүргөн ооруулууларда бир нече жылга чейин бөйрөк иши начарласа да, ал 3—4 стадияга өтүп кетпейт. Бирок оор жумуш жасо