Мендик эмес сезимиң эстегенде,
Аргасызмын жашым жутуп эхх дегенге.
Тагдырым болуп дайым калбаган соң,
Өкүнөм шарт бурулуп кетпегенге!
Кылыгыңды жылмайып эстегенде,
Түпсүз сонун жыргалга кептелем не?
Башым жөлөп, таянычым болбогон соң,
Акың барбы кыялымды тепсегенге?
Көздөрүңдү кумарлуу эстегенде,
Керемет эх. сезимге кез келем не?
Колум кармап жүрөгүм багынткан сон,
Кетсең деле үмүт менен эскерем не?
Арман кылбайм ак сүйүүмө жетпегенге,
Ал да сонун бир кездерде эстегенге,
Жаныңда жүрбөсөм да ыраазымын,
Түштөрүмө кирип турчу.. эч дегенде!
Автор: Жалгызым(Назик)...