ТУРМУШТАН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМ МЕНИ ЖИНДИКАНАГА ТУШ КЫЛДЫ.
Бул жай психологиялык жактан жабыркагандар дарылана турган оорукана. Айрымдар үчүн жөн гана "жиндикана". Боз дубалдын ары жагында эмне деген гана тагдырлар кездешпейт. Бул жерде "өзгөчө коркунучтуу" дегендерди өзүнчө кармап, алардын үстүнө кирүүгө медсестралардан башкаларга тыюу салынат. Атүгүл, врачтар да медсестралардын көзөмөлүндө кирүүсү талап кылынат. Ал эми анчалык коркунуч келтирбөөчү оорулууларга кадимкидей эле коргондун ичинде сейилдөөгө уруксат берилет экен. Ошолордун арасынан шалдырай басып жүргөн, жашы өтүп калган байке көзүмө урунду. Көздөрү жылтырап, ар кимге жалтаң карайт. "Эгерде макул болсо сүйлөш" деген медсестралардын с