АНЕМИЯ
Эгер адам анемиядан жабыркаса же гемоглобиндин өлчөмү төмөндөп кетсе үшүй баштайт. Анткени кандын айланышы жайлап, организмди кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен жабдуу процесси бузулат. Мындай болгондо организм жылынуусу үчүн аргасыз кан тамырларды кеӊейтип, кандын айланышын батыраак жүргүзөт. Кан менен кошо жылуулук берүү күчөп, адамдагы жылуулук запасы жоголот да, адам үшүкчөөл болуп чыга келет.
Эмне кылуу керек?
Гемоглобиндин запасын толтуруу үчүн доктурга кеӊешке кайрылып, курамында темири көп азыктарды көбүрөөк жеш керек. Аларга эт, боор, бөйрөк, акшактар (гречка, күрүч, акталган арпа), кургатылган жемиштер, жумуртка, алма, сыр, капуста жана укроп кирет. Бирок тилекке ка