Бир убактарда дүйнөгө келүүгө даярданып жаткан бир ымыркай бар экен. Ал бир күнү Жаратуучуга кайрылып мындай деп сурайт: - Оо, Жаратуучум, мени эртең дүйнөгө жөнөтө тургандыгыңды айтышты. Бирок мен ушунчалык кичине жана алсызмын, ал жакта кантип жашап кете алам? Бардык периштелердин арасынан сен үчүн бирөөнү (бир периште) тандадым. Ал сени күтүүдө жана ар дайым коруйт. Периштең сага күн сайын ырдап берет, жүзүңө карап жылмаят. Ошентип сен анын сүйүүсүн сезип, бактылуу болосуң. - Жакшы… Адамдар мага бир нерселерди сүйлөшкөндө тилдерин билбестен, аларды кантип түшүнөм? Периштең сага дүйнөдө жагымдуу жана жакшы сөздөрдү сүйлөйт. Сага сүйлөөнү сүйүнүү жана этияттык менен үйрөтөт. - Жакшы... Оо,