- Күйөөм майрамга жаңы көйнөк сатып алуума акча бербеди... - Сен не дедиң? - "Элдин кээ бир аялдары ай сайын жаңы көйнөк киет" дедим. - Ал не деди? - "Элдин кээ бир аялдары бир көйнөгүн беш жыл киет" деди. - Туура айтыптыр! Ушуга боло таарынбасаңчы, курбум. - Эмне? Сен ошондо менин эмес, анын сөзүн сүйлөмөксүңбү? - Күйөөң алтын адам. Ай сайын алып бербесе да шкафыңды толтуруп берген түрдүү кийим-кечеке. - Анын баарын кийип койгомун. Баардыгын көрүп коюшкан. - Сага бир нерсе айтайынбы? - Айт, ичиңде калып кетпесин. - Күйөөңдүн айткан сөзүнө кошумча: "Кээ бир аялдардын керек болсо күйөөсү да жок..." - Муну менен не дегиң келет? - Байкуш аялдар жаңы кийим эмес, атасыз балдарынын курсагын канти