Кыргызстаным!!!
Өзүңсүң тамган жери киндик каным,
Өмүрдөн өткөнүмчө сендик жаным,
Ыйык деп жүрөгүмө бек тутканым,
Ырыстуу Ата-Журтум, Кыргызстаным.
Кооздугу көз уялткан бейиш багым,
Өзүңдөн татам ар күн өмүр даамын,
Кемтиксиз жаралгандай түрдүү жагың,
Келечек үмүтүмсүң Кыргызстаным.
Күн дагы чыгаар замат сени беттейт,
Жай-кышы тоолоруңдан мөңгү кетпейт.
Айтылып бүткүс сага мактоо ырым,
Калемим сүрөттөөгө сөзү жетпейт.
Түбөлүк сүйөм сени жүрөгүмдөн,
Бир өмүр байырлоочу түнөгүм сен,
Мекеним ыйыгымсың Кыргызстаным,
Көз тоюп бүтпөйт сенин гүл өңүңдөн.
Автор: Надира Токтобаева. 20.02.19.21:01.
Qirğiztonim!!!
Õzinsan tomgan yer kindik konim,
Umridan otgangacha senlik jonim.
Ulug dep yuragi