Мен достукта анын акчасына, мансабына карабайм..
Мен адамгерчилигине, жан дүйнөсүнө, адебине, мамилесине карайм...
"Дос"
Кудайдан айткан маӊдайга,
Дос деген ыйык куш болот.
Бир болгон жаман-жакшыда,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.
Жылдыздар удаа жанашып,
Адамга адам туш болот.
Бир болгон өйдө төмөндө,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.
Кайырма:
Барга көппөй жокко чөкпөгүн досум,
Баары өтөт баары калат экен досум.
Кааларым сага ден соолугуң болсун.
Мазмуну ушундай бул тосттун.
Барга көппөй жокко чөкпөгүн досум,
Баары өтөт баары калат экен досум.
Кааларым сага ден соолугуң болсун.
Мазмуну ушундай, мазмуну ушундай,
Мазмуну ушундай бул тосттун.
П