Пайдалуу кеңеш: Көк жөтөлгө кабылдыңызбы, анда сарымсак жардамга келет
Сарымсак – даамы ачуу, табияты ысык болот. Ал жел туруп калса, аны чыгарууда, уулангандарды кайтарууда, ар кандай микробдорду жок кылууда, ич өтүп калса, аны токтотууда, заарасы чыкпай калса, аны өз ордуна келтирүүдө, кан токтобосо, аны токтотууда жана башка көптөгөн учурларда жардамга келет.
Элдик табыптарда, буту-колдо пайда болгон темир-өткүлөргө адамдын жыныстык каналдарында пайда болгон курттарга, кыш, жаз айларында келүүчү жугуштуу тумоолорго, жай айларындагы ич өткөндөргө, ич ооругандарга сарымсакты жеп турса, бул пайдалуу. Бирок сарымсакты арбын жесе, ал көздүн көрүү күчүн төмөндөтүшү мүмкүн, адамдын д