– Мен барбайм, сиз мени жаздырган курска барбайм. Кечке эле сиз каалаган нерсени кыла беремби? – Барасың!- деп жерди бир тептим. – Мен бар-рбайм!- дедиң да чыгып кеттиң. Эшикти күч менен тарс жаптың. А мен корктум. Биринчи жолу сенин эркиндигиңди чектеп жатканымды байкадым. Өзүм эркиндикти ушунчалык сүйүп туруп сенин эркиндигиңди чектеп жатканым кандай? Атаң айтмакчы, чектен чыгып контролдоп жибердимби? Кана, кайда ошол чек? Уулуңду коруу менен анын эркиндигин чектөөнүн ортосундагы чекти мага ким таап берет? Ким бул туура, бул туура эмес экенин айтат? Энелик зор бир иш. Жоопкерчилик дагы. Сыртка чыгып балдар менен көпкө турганды адат кылып алдың. Менден сыр сактачу болдуң. Кэ