Күндөр өтөт ,айлар өтөт,жылдар өтөт. Күтөбүз бүгүнкүдөн эртеңки деп. Аа бирок өмүрүбүз өтүп барат. Жашоодо көп нерсени күтүп эңсеп. Уланып турмуш жашоо өзгөрүлүп. Улгайып баратабыз алга беттеп. Уул үйлөп ,кыз узатып куда күтүп Небере жытын искеп сүйүнөбүз. Аа бирок артта калган жаштыгыңды. Аттиң деп эстегенде күйүнөбүз. Жашоонун мыйзамына баш ийебиз. Жашоо үчүн тагдырга жүгүнөбүз. Жашоо үчүн үмүт артып жүгүрөбүз.