*ЫЙЫН КАТЫП БЫЛК ЭТПЕГЕН ТОО ТУРАТ*
(Жаштар революциясынын курмандыгы Үмүтбектин жаркын элесине)
Ай, жаш кеттиң!.. Калды сыздап энекең,
Кайда болбо, жүрсүн деген сен эсен.
А сен минтип акыйкат деп жан бердиң,
Адамзатка тойбос кара жер экен.
Акыйкаттык калгандай бу жан сурап,
Ак үй алды тургандай бу кансырап,
Бир мал союп курмандыкка чалбаса,
Болбой калды, доорду турат кайчылап.
Келечектин кең жолунда басам деп,
Жаңы жашоо, жаңы ырын жазам деп,
Ажал таптың, сен ойлогон доор, заман,
Келер бекен, чач агарткан санаам көп.
Кайгы менен шаттык тура зубала,
Кыйылганы жаш өмүрүң убал а!..
Сен жатканда топуракка көмүлүп,
А бирөөлөр бийлик менен убара.
Токтобосо, арты - туман, алды - муң,
Бийлик