Тебелетпе арың менен намысыңды.
Тыңша туюп жүрөктөгү кагышыңды.
Дүрбөлөңгө кайдыгер карабагын,
Таскактаткын дүбүрөгөн дабышыңды.
Желкедеги башыңды жер каратпа,
Жеңилбейбиз жеңебиз шек жаратпа.
Анткени акыйкат бар, айкөлдүк бар,
Алла Таала биз менен, биз тарапта.
Найзага, кылычка, намыс байла,
Ата баба сүкүт салган илеб кайда.
Кан ичкичтин түбүн кыйып ырыстарын,
Титиреткин жандарын, тиреп жарга.
Бир ирмемге ишеничти жоготпогун,
Шектенген күмөн ойду жолотпогун.
Карыш жылба казыктай кагып койгон,
Каптаса да селдей агып, тоготпогун.
Жалындап от күйбөсүн чатырыңдан,
Манастын каны чуркайт тамырыңдан,
Тээ илгери душмандар даай албай,
Жеңилишкен эр жүрөк баатырыңдан.
Автор: Каныбек Ырыскелдиев.