Бир ыймандуу аял бир адамга турмушка чыгат. Ал күйөөсүнүн кийим саткан чоң дүкөнү болгонлуктан, бай адам эле. Бирок, өтө сараң болуп эчкимге эчнерсе бергиси келчи эмес.
Бир күнү, күйөөсү тоок этин сатып алып келип аялына жазатып, тамактаналы деп отурганда, такылдаган эшиктин үнү угулат. Ким экен деп күйөөсү эшикти ачса, эшиктин алдында жаман кийинген, жашоонун азабын тарткан, бир байкуш бечара турганын көрөт. Ал байкуш үйдүн кожоюнун коруп, ачкалыктан ойлонбостон: "таксырым, мага кичине тамагыңан остийтип койчу" деп, көзү жашылданып кетет. Бирок, үйдүн кожоюну, жей турган бирдеме алып чыгып бергендин ордуна, жаман сөздөрдү айтып, байкушту кубалап жиберет. "мен ушунчалык муктаж болбосом сура