Жүрөк ыйлаткан көз ирмемдер..
Нуриянын бир постунан Идрис Айтбаевдин мигранттарга жүрөгү ооруп,өмүрүңөрдүн көп учурун кабат-кабат үй салам деп өткөрүп жибербегиле деген маанидеги сөзүн окуп калып,ага пикир жазган болчумун.Ал пикир көп окурмандардын жүрөгүн ыйлаткан го,пост кылып чыгаруумду суранышты...Албетте,толуктадым...
Заманга жараша адамдардын талабы,керектөөсү да улам өсүп жатканы маалым,балдарым жакшы жашасын, аларды окутайын, үйлөп-жайлайын, жакшы там салайын деген максат менен чет жерде канчалаган жердештерибиз эмгектенип жүрүшөт.Жараткандын алыска болсо да чачып койгон ырыскысына ыраазы болосуң. Сыртта жүргөндөрдүн арасында баарыбыздын жакындарыбыз бар,алар менен