ТААСИРДҮҮ БАЯН.
Кайын эненин баяны.
Азыр жашым алтымышка жакындап калды, жаңы кайын эне болгонумда элүүгө чыккан элем. Бир кыз эки уулум менен отуз сегизимде жесир калдым. Үй бүлө куруп, бала бакыралуу болгондон кийин Кудай кошкон өмүрлүк жолдошун менен түбөлүк чогуу болсоң кана, бирок бул жашоо, тагдыр биз каалагандай болбойт тура. Өмүрлүк жолдошум кокусунан эле көз жумду, белимди бекем бууп, үч баланы чоңойтуп, элден кем кылбай бакканга аракет кылдым. Кайын журт, өз төркүнүм деле карап турушкан жок, өлгөн адам гана жок болбосо, тирүүнүн өзүнүн Кудайым берген ырыскысы болот экен. Тун кызым чоң болгондуктан биринчи кызымды турмушка бердим, жакшылык деген өзү эле бат эле боло турган иш тур