4
Жыландын суйуусу
(жомок-повесть)
Зумурат жерди чукулап жатып, топурак басып калган казан-аягын таап, эки жыгач аякка сорпо куюп, эзиле бышкан этти өзүнчө салып, келиндин жанына сыңар тизелеп отурду да, мемиреп уктап жаткан уулун жыттап, Дүрайымды акырын түрткүлөп ойгото баштады:
- Дүрай, ойгон, тамак бышты. Дүрайым?
Келин ойгонгон жок. Жигит улам катуулап жулкулдаткан сайын мойну-башы шылкылдап, жада калса уулун бекем бооруна баса кармаган колдору бошоп кетти.
Жигит уулун ала коюп, кемселинин боорун ачып, жылаңач койнуна катты. Оюна бир нерсе түшүп кеткендей «селт» этти. Отура калып келиндин тамырын кармап, ошондон кийин гана эс ала түшкөндөй баланы кучактап, отуруп калды.
Баятан бери