Жол кырсыгына кабылган жигит ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер аны өлдү дешти. Жигит болсо периштелердин коштоосунда бара жатты. Бир жерге келгенде периште айтты: " Үч кадамдан кийин бейишке киресиң". Жигит сүйүнүп бир кадам шилтегенде кулагына бирөөлөрдүн ыйлаган үнү угулду. " Ким булар? " Периште жооп кылды: " Сенин балдарың өлгөнүңө ыйлап атышат. Бир айдан кийин алар ыйлабай калышат" деди. Экинчи кадамын шилтегенде дагы аябай ыйлаган үн угулду. " Ким бул?" деди. Периште : " Бул сенин аялың. Бир жылдан кийин ыйлабай калат. Балким өз бактысын таап жашоосун улантат" деди. Үчүнчү кадамын шилтегенде, өтө аянычтуу ыйлаган үн угулду. " Бул ким ? " деди. Периште болсо : " Бул сенин энең. Өмүр