Апакеме кошок.
Айтайын болгон сырымды,
Жалганым эмес чынымды.
Муңканып ыйлап айласыз
Жаздым мен кошок ырымды.
Кыйналдым апа кантейин,
Ким угат менин муңумду
Ыр менен а ыйлап чыгарам,
Апа, жүрөктө каткан бугумду.
Бел болоор аскам урады,
Чеп болгон короом кулады.
Бакчамда булбул сайрабай,
Кызыл бир гүлүм куурады.
Боздоп бир ыйлап турсамда,
Жараткан үнүм угабы.
Айла жок экен тагдырга.
Алланын бул да жазганы.
Ашуусу бийик бел элең,
Ысысам сылаар жел элең.
Чарчап бир келсем ардайым,
Эс алдыраар дем элең.
Ар убак апа өзүңө
Эркелеп жүргөн мен элем.
Азабымы, сыйымы,
Апа, көтөрөөр жалгыз сен элең.
Бөксөргөн кесем толбоду,
Багыма булбул конбоду.
Алпештеп турат жубайым,
Бирок, мээрими сендей болбо