БИР ТУУГАНЫМ
Бир тууганым, айтып бүткүс байлыгым,
Силерсиңер, бул жашоодо баардыгым.
Медер кылып, өзүңөрдү жүрөмүн,
Ананайын, асылдарым жакшы ырым.
Арнайм дайым, гүлдөй жашоо жолдорун,
Таттуу балын, сүргүлөчү жашоонун.
Жаныңарды, бек кылсын деп сураймын,
Жандап дайым, бир жүргүлө бир боорум.
Сурап келсе, эжекелеп алымды,
Таппай калам, берээрге аш-нанымды.
Силерсиңер, мага кубат-күч берген,
Алтын башын, бек кылсын дейм жакындын.
Аман болсун, мал-жаныңар ар дайым,
Баарыңарга, мен ушуну каалаймын.
Бажырайып, бар болгула дайыма,
Туугандарым, аткан жарык таңдайым.
Автор: Бурмакан Борбоева
"Поэзия Ордосу"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Жалал-Абад шаары
28.11.2020-жыл.