Ойгонгон учурумда күн түштөн ооп калыптыр. Ошол убакка чейин эч ким мени ойготушпаптыр.Ордумдан ыргып тура, саатымды карап алдым. — Жакшы эс алдыңбы ? Жанымдагы шерик кыз мени карап алып, жылмайып койду. — Рахмат жакшымын өзүңчү кантип калдың . Мен да ага жооп кыла жарадар болгон жерин карап алдым. — Мен да жакшымын. Рахмат сага ! Сен болбосоң өлүп кетмек белем ким билет ? Ал колумдан бекем кармап мага рахмат деп жылмайып алды. — Жок баары жайында.Кыжаалат болбо ?! Сен да мага жардам бергенсин. Мен да ага жылмайып койо ордумдан турдум. — Бүгүн Мекениңе кайтаар убагың. Кубанып жатсаң керек ? — Албетте канча күткөн сайын, күнүм өтпөй жата