Ысык-Көл облусунун Түп районундагы тоо этегинде жайгашкан айыл Жылуу-Булак деп аталат. Анткени тоо этегиндеги булактан жылуу суу агат, деди милициянын отставкадагы полковниги, ооган согушунун ардагери, айыл тургуну Талапкер Кошкеев.
Анын айтымында, бул айылдын качан негизделгени белгисиз, айрымдар 100 жыл мурун уюшулган айыл деп айтышат.
«Биздин айыл чакан болгону менен көптөгөн баатырлар, таланттуу адамдар чыккан. Жети акенин бири Карач аке, Балбай баатыр менен бирге сырт душмандан эли-жерин коргоп келген. Экөө тең Шапак баатырдын урпактары. Ордобай жана анын баласы Матыбай алдыда болчу окуяны алдын ала сезе билишкен, Калыгул олуядан кем калбаган инсандар болгон. Ал эми сатирик акын Жолоочу