Жетпесе айлык акы маянабыз,
Тапканды коротуудан аянабыз.
Жашасак сактап андан ондон бирин,
Айтсаңар анда эмнеге таянабыз.
Эл деп иштеп өкмөттүн айлыгына,
Эч жылыш жок баарына кайгы мына.
Эптеп берген он миң сом айлык жетпейт,
Мага десе майдалап айрыгыла.
Өкмөт иши, диплом дегенибиз,
Ант бергем деп ак иштеп деги эле биз.
Таңдан кечке талбастан иштеп жүрүп,
Кайгы,азап, кедейлик жегенибиз.
Автор:Муратбек уулу Анарбай
30.10.2020-жыл