*✅БЕРЕКЕ КАЙДА ЖАШЫНГАН?🌿🌿🌿🌿*
🖊Бир адам имам Шаафиге даттанып келди: - Мен бир адамга жалданып иштеп, күнүнө беш дирхам алам. Бирок, бул менин жашоо-тирилигиме жетпей жатат, - деди ал. Имам Шаафи ага кызмат кылган адамына барып, эмгек акысын бир дирхамга азайтуусун суранууну насаат кылды. Тиги, имамдын эмне үчүн минтип жатканына түшүнбөсө да, анын сөзүнөн чыга албай, айтканын жасады. Ошентип, беш дирхамдын ордуна күнүнө төрт дирхам алып иштей баштады. Бирок, имамдын бул тажрыйбасы анын муктаждыгын чече алган жок. Бир канча күндөн соң, ал имамга дагы келди: - Сиздин насыятыңыз мага жардам бербеди, - деди ал, - алганым турмушума дагы эле жетпей жатат. Бир аз ойлонгон имам, эми аны үч дир