АРАЛЫКТЫН ЭҢ ЖАМАНЫ-САГЫНУУ ЭКЕН. КАЙДА БАРБА ЭМНЕ ИШ КЫЛБА, БААРЫ БИР ОЙУҢ МЕНЕН, ЖАН-ДҮЙНӨҢ МЕНЕН, ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН СҮЙҮКТҮҮҢДҮН ЖАНЫНДА БОЛОТ ЭКЕНСИҢ. АНЫН КЫЙМЫЛ АРАКЕТИН, СҮЙЛӨГӨНҮН, КҮЛГӨНҮН ЭСТӨӨ ӨЗҮНЧӨ КУСАЛЫККА БӨЛӨП, ЖОКТОТУП, САГЫНЫЧЫҢ КҮЧӨТӨТ ЭКЕН....
♥
Сагындым өмүр бою күткөнүмдөй,
Кыйналып көлөкөдө жүргөнүмдөй.
Белгисиз тараптарга алып барат,
Караңгы көчөлөрдө жүргөнүмдөй.
♥
Дүнүйөм жалгыз сизден бүткөнүндөй,
Кетсеңиз өңү өчүп бүтүүчүдөй.
Жер менен чогу келип жаралып,
Келет деп сизди күтүп жүргөнүмдөй.
♥
Көргөндө көңүл байкуш толгонундай,
Көөдөндө сүйүү гүлү болгонундай.
Көпөлөк каптап кирип жан дүйнөмдү,
Капалыкты унуттуруп койгонундай.