Куттуктаймын! достор бүгүн "арапа"
Куттук айткым келди бүгүн таң ата.
Ой-тилектер, даярдыктар дуруспу?
Кирип келген, "орозого" карата.
"орозо" ай, бүт айлардын бийиги.
Мусулмандар, гана буга ийиди.
Чын мусулман, күнүмдүгүн ойлобойт.
Мусулманга зарылыраак кийини.
Ушул айда, сооптор бар миңдеген.
Сооп издеп жүрсө эгер ким деген.
Чындыгында, сооп керек баарына.
Азыр эмне, көөдөндөр көп кирдеген.
Пенделерге, кубат берсин Кудайым.
Момундарга, бүгүн дуба кылайын.
Кармагандын насип кылып Жараткан.
Орозосу кабыл болсун ылайым.