Катуудан тиш, жумшактан ич оорубасын» деп бекер айтышкан эмес. Тиш оору адамдын айласын кетирип бушайман абалга келтирет. Анда тиш оорудан арылтуучу эң жөнөкөй кеңештерди билип алыңыз.
Бир тишче сарымсакты буламыктай кылып эзесиз да, ага чай кашыктын учунан туз жана ашкана содасын кошосуз. Кошулманы жакшылап аралаштырып, тиш щёткасынын жардамы менен ооруган тишиңизди тазалайсыз. Андан кийин жылуу сүт менен оозуңузду чайкап салсаңыз, тиш ооруңуз басылат.
Үч тамчы уксус, бир чай кашык туз жана бир чымчым кара мурчту аралаштырасыз да, аш кашыкка салып жай отто кайнап чыкканча кармап турасыз. Кайнап чыккандан 1 мүнөттөн кийин оттон алып, б