ЖАЗЫНДА БЕТТИ КҮНГӨ КАНТИП КҮЙГҮЗБӨЙ КҮТҮҮ КЕРЕК?
Башка мезгилдердей эле жазында да терини туура күтө билбесе, бетке бырыш түшүп, күнгө күйүп карарат. Андыктан төмөнкү кеңештерди назарыңыздарга сунабыз.
Жазында күндүн ультра кызыл нурлары, чаң, шамал, ысык аба терини кургатып, түлөтүп жиберет. Өзгөчө күндүн ультра кызыл нурлары теринин картаюусун тездетсе, ал эми күн көздү уялтып, бетти бырыштырууга жеткирип, бырыштардын түшүшүн шарттайт. Тери кургап кетпеши үчүн беттеги май бездери күчтөнүп иштеп, болушунча май бөлүп чыгарганга аракет кылат. Бирок чаңдар териге жабышып, беттеги тешикчелерди жаап, ысыктан теридеги микробдор көбөйөт да, сезгенүү жаралат. Жалпылап айтканда, жазында бет сезим