"Эрди кудай урарда элүүсундө жаш болот" дегендей, илгери бир киши акылманга келип:
-- Мени Кудай уруп, бир жаш, сулуу кызды сүйүп калдым... Эми аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?! Эки ортодо калдым... Эмне кылсам?..-деп кеңеш сурайт экен.
Анда акылман:
-- Аялыңды сүйүп үйлөндүң беле?-дейт.
-- Ооба, чындыгында ага жетпесем, өлүп эле калчудай абалда элем.
- Кана, аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман.
Көрсөтөт... Сүрөттө тал чыбыктай ийилген, өтө чырайлуу, жүзү жарык, сулуу кыз карап турган болот.
- Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман.
- Жок... Албетте, жок... Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу... Бирок азыр