Салам саптар
Салам саптар оргуштаган, жайлаган,
Сагындырган, сабылдырган кайрадан.
Түмөндөгөн түйшүктөрдү жандатып,
Өмүр өтөт ыр казанда кайнаган.
Салам саптар кайрат берип сүрөгөн,
Жалын чачып, жашоо үчүн үндөгөн.
Ырым менен көйгөйлөрдү жеңдирген,
Сыноолордон сынып калбай жүздөгөн.
Салам саптар аруу таза дил менен,
Ойго салып сезимдерди бийлеген.
Маалкатып, кээде келбей алыстап,
Барк,баамды байкап көргүн бил деген.
Салам саптар маңдайыма тушуккан.
Алып чыккан көңүл чөксө суздуктан.
Шам чырактай жарык берип өчпөстөн,
Жашоо үчүн канат байлап курчуткан.
Жан дүйнөмдү күүгө салып ойлонтуп,
Жан биргемдей жандап