☝ АЯТ: Чындыгында, Аллах асман-жердеги кайыптын ( көзгө көрүнбөгөн нерселердин) баарын билет. Аллах Таала силердин жасап жаткан ар бир ишиңерди көрүп турат ( Хужурат; 18).
📖ХАДИС: Алла Таала мындай дейт: « Кимде- ким ( чын ыкласы менен Мага кулчулук кылган) Менин сүйүктүү олуя пендеме душмандык кылса, Мен ага каршы согуш жарыялайм. Пендем Мага Мен буйруган парздардан артык башка эч бир жол менен жакындай албайт. Пендем Мага (парздарга кошумчалап аткарган) нафил ибадаттар менен да талыкпастан жан үрөп жакындаса, Мен аны сүйөм. Мен пендемди сүйсөм, Мен (ага ыроолой турган өзгөчө нурум менен) анын сүйлөөр тили, угаар кулагы,