Бай адам өлүмдөн жана жалгыздыктан абдан коркчу экен. Мен өлгөн түнү ким кабырыма кирип таң атканча мени менен болсо, байлыгымдын жарымын берем деп осуят кылат. Бирок ал өлгөндөн кийин эч ким макул болбой коёт. Акыры бир жакыр адам: - Менин болгону бир арканым бар, жогото турган андан башка эч нерсем жок. Таң агарганча жатсам байып кетем деп ойлонот да макул болот. Көз жумган бай менен бирге жакыр адамды да көмүшөт. Аңгыча суракка ала турган периштелер келишет. Карашса, бири өлгөн экинчиси жандуу адам болот. Алгач тирүүсүнөн баштайлы дешет да, суракты жакыр адамдан ала башташат: - Колуңдагы жип кимдики? Кайдан алдың? Эмне максатта алдың? Кайдагы акчага алдың? Кандай иштерге ко